Түп районунун “Суран” жайлоосунда чагылган түшүп, 44 кой, 12 эчки өлгөн. Бул тууралуу ӨКМнин басма сөз кызматы билдирет.
Маалымат боюнча, 2018-жылдын 17-июлунда саат 22:00 чамасында Түп районунун Кутургу айылында жайгашкан “Суран” жайлоосунда жергиликтүү тургундун короосуна чагылган түшүп, короодо камалган 44 кой, 12 эчкиси өлгөн.
Бүгүн Кутургу айылынан 6 чакырым алыстыктагы мал көмүлүүчү жайга белгиленген тартипте өлгөн жаныбарларды көмүү иш-чаралары жүргүзүлүлгөн.
Эгер ката тапсаңыз, сураныч, катаны белгилеп туруп, Ctrl+Enter баскычын басыңыз. Ctrl+Enter.
Spelling error report
The following text will be sent to our editors: