22-июльда Ысык-Көл районунун Кара-Ой айылында жайгашкан «Акун» пансионатынан бөдө кырсыктан улам «Азаттык» радиосунун журналисти Улан Эгизбаев көлгө чөгүп, каза болгон. Бул тууралуу Ысык-Көл облусунун ОИИБнин басма сөз кызматы билдирет.
“Айрым адамдар, өздөрүнүн жеке максаттарын көздөшүп жатышабы, айтор интернеттин социалдык тармактарында Улан Эгизбаевдин өлүмүн кесиптик ишмердүүлүгүнө байланыштырып, атайын өлтүрүлгөндүгү жөнүндө жалган маалыматтарды таркатышууда. Ушундан улам, коомчулугубузду чындыка жатпаган маалыматтарды ишенбөөгө чакыруу менен окуянын кандай болгондугу жөнүндө билдирүү жасайт” – деп билдирүүдө басмаланган.
Облустук ички иштер башкармалыгын билдирүүсүн толук келтиребиз:
22-июль күнү болжол менен саат 4:30 чамасында Ысык-Кѳл райондук ооруканасынын тез жардам бѳлүмүнѳн “Акун” эс алуу жайынан кѳлгѳ түшүп жатып, азия улутундагы 20-25 жаштардагы адам кѳлгѳ чѳгүп каза болгондугун билдирген.
Аталган маалымат боюнча окуя болгон жерге Ысык-Кѳл РИИБдин тергѳѳ-ыкчам тобу чыгып тѳмѳндѳгүлѳрдү аныкташкан:
2018-жылдын 22-июль күнү болжол менен саат 13:30 чамасында 28-жаштагы Бишкек шаарынын тургуну, “Азаттык” радиосунун журналисти Улан Эгизбаев “Акун” эс алуу жайынан кѳлгѳ түшүп жатып, кѳлгѳ чѳгүп каза болгондугу аныкталган.
Улан Эгизбаев жубайы А. Сапаргүл экѳѳ 19 июльдан 22 июльга чейин Ысык-Кѳл районунун Кара-Ой айылында жайгашкан “Акун” пансионатында эс алып жүрүшкөн. 22-июльда болжол менен саат 11:00 алып жаткан бѳлмѳсүнүн ачкычын администраторго тапшырып, Бишкек шаарына чыгар алдында дагы бир жолу көлгө түшүүгө барган.
Кара-Ой айылынын МТФнын тургундары 2008-жылы туулган Ж. Курманбектин жана 2004-жылы туулган А. Кудайбергендин айтымында, алар ошол күнү кѳл жээгинде эс алуучуларга кукуруза сатып жүрүшкөн. Андан кийин, алар көлгө түшүп жаткан мезгилде “Акун” эс алуу жайынын кѳлгѳ секирип түшүүчү пирстен 20-метр алыстыкта бир адам чабалактап кѳлгѳ түшүп жатканын кѳрүшүп, ал адамды ойноп жатат го деп ойлошуп кѳңүл бурбаган. Бир аз убакыт ѳткѳндѳн кийин ал адам кѳлдүн үстүнѳ калкып чыгып калганын кѳрүшүп, ошол жердеги кѳлгѳ түшүп жатышкан чоң кишилерге айтышкандыгын, ал жерден үч киши кѳлгѳ киришип ал адамды кѳл жээке алып чыккандыгын билдиришкен.
Ат-Башы районунун Кызыл-Туу айылынын 22-жаштагы тургуну А. Сыргактын айтымында, аларга кичинекей балдар көлгө бир киши калкып калды деп айтканда эле үч адам болуп, ал адмдын денесин көлдүн жээгине чыгаргандыгы боюнча көрсөтмө беришти. Ошондой эле, “Акун” эс алуу жайынын кызматкерлери суудан куткаруу Т. уулу Бакай жана медайым Ж. Назгүл болуп, адамды куткарып калуу үчүн жасалма дем алдарып биринчи тез жардам кѳрсѳтүшкѳнүн, бирок, андан эч натыйжа чыкпагандыгын билдиришкен.
Милиция кызматкерлери тарабынан жүргүзүлгөн иштеринин натыйжасында көлгө чөгүп каза болгон адамдын өздүгү аныкталган. Ал, “Азаттык” радиосунун журналисти Улан Эгизбаев болуп чыгып, анын сөөгу Ысык-Кѳл райондук оорукананын моргуна алынып келинген.
Ошол учурда, Улан Эгизбаевдин бир тууган эжеси Түп районунун Сары-Дѳбѳ айылынын тургуну К. Назгүл келип, ѳтүнүч арыз менен кайрылган. Арызында, инисин Бишкек шаарынын соттук-медициналык экспертиза борборунан тийиштүү экспертизадан өткөрүүлүшүн көрсөткөн.
Аталган факт Ысык-Кѳл РИИБде катталып, Улан Эгизбаевдин сөөгү Бишкек шаарынын соттук-медициналык экспертиза борборуна жеткирилди. Учурда, териштирүү иштери жүргүзүүлүдѳ.
Бишкектеги соттук-медициналык экспертиза борбору Эгизбаевдин сөөгүнө жасалган экспертизанын баштапкы жыйынтыгын чыгарып, анын өлүмүнүн себебин “чөгүп өлүү” (“утопление”) деп тапты.
Эгер ката тапсаңыз, сураныч, катаны белгилеп туруп, Ctrl+Enter баскычын басыңыз. Ctrl+Enter.
Spelling error report
The following text will be sent to our editors: