Ысык-Көл районунда “Лагуна Сити” пансионатындагы таунхаус толугу менен күйгөн, өрттүн кесепетинен 3 адам жабыркаган. Бул тууралуу ӨКМнин басма сөз кызматы билдирет.

Эскертсек, 2018-жылдын 25-июль күнү саат 18:20да Ысык-Көл облусунун Ысык-Көл районунун Кожояр айылында жайгашкан “Лагуна Сити” пансионатындагы таунхаустан өрт чыккан.

Өрт саат 20:06да чектөөгө алынып, саат 01:15те толук өчүрүлгөн . Өрт болгон жерде жергиликтүү тургундардан 3 эркек адам (1984-ж.т. Б. А., 1984-ж.т. А. К., 1986-ж.т. К. Р.) II даражадагы күйүк алышып, Ананьево айылындагы ооруканага жаткырылган.

Өрттүн кесепетинен жыгачтан курулган жалпы аянты 1000 чарчы метр таунхаус толугу менен күйүп кеткен. Өрттүн келип чыгуу себеби жана келтирилген материалдык чыгымдар такталууда.

Эгер ката тапсаңыз, сураныч, катаны белгилеп туруп, Ctrl+Enter баскычын басыңыз. Ctrl+Enter.