Электрондук виза системасы аркылуу жыл башынан бери Кыргызстанга 19 миңден ашуун чет элдик жаран келди. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлигинин басма сөз кызматы билдирет.
Маалыматка жараша, жай айларынан тартып электрондук виза алыш үчүн кайрылгандар көбөйдү: январь-1301, февраль – 1167, март – 2049, апрель – 1249, май – 3505, июнь – 4149, июль – 5672.
Кыргызстанга келүүнү каалаган чет элдик жарандар 2017-жылдын 1-сентябрынан тартып визаны электрондук жол менен ала башташкан.
Эгер ката тапсаңыз, сураныч, катаны белгилеп туруп, Ctrl+Enter баскычын басыңыз. Ctrl+Enter.
Spelling error report
The following text will be sent to our editors: