Кемпир-Абад суу сактагычына чөгүп кеткен 13 жаштагы өспүрүмдүн жансыз денеси табылып, туугандарына өткөрүлүп берилди. Бул тууралуу ӨКМнин басма сөз кызматы билдирет.
Маалымат боюнча, 2018-жылдын 5-август күнү саат 18:30 чамасында Өзгөн районундагы Кемпир-Абад суу сактагычына 2005-жылы туулган Б. уулу Д. аттуу өспүрүм бала чөгүп кеткен.
ӨКМнин куткаруучулары издөө иштерин жүргүзүшкөн, бирок өспүрүм табылган эмес. 6-август күнү издөө иштери улантылган. Издөө иштеринин натыйжасында саат 15:25те маркумдун жансыз денеси табылып туугандарына өткөрүлүп берилди.
Эгер ката тапсаңыз, сураныч, катаны белгилеп туруп, Ctrl+Enter баскычын басыңыз. Ctrl+Enter.
Spelling error report
The following text will be sent to our editors: