Чүй облусунун Панфилов районунда ичүүчү суу менен камсыздоо жана саркынды сууларды чыгаруу кызматтарын көрсөтүүчү райондук кызмат көрсөтүүчү (РПУ) адистештирилген муниципалдык ишканасын түзүү боюнча координациялык кеңешме болуп өттү. Мындай ишканалар республиканын 8 районунда түзүлөт.
Кеңешмеге Панфилов райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы Бекмаат Масаидов, айыл өкмөт башчылары, айыл кеңештеринин төрагалары, муниципалдык ишканалардын жетекчилери жана Ичүүчү суу менен камсыздоо жана саркынды сууларды чыгарууну өнүктүрүү департаментинин алдындагы Долбоорлорду ишке ашыруу тобунун адистери катышты.
Катышуучуларга райондук кызмат көрсөтүүчүнүн иш модели, каржылоо механизмдери, ошондой эле суу менен камсыздоо системаларын эксплуатациялоо жана техникалык тейлөө боюнча функцияларды жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын менчик укугун сактоо менен өткөрүп берүү тартиби тааныштырылды.
Талкуунун жыйынтыгында катышуучулар муниципалдык ишкананы түзүүнү колдошуп, зарыл документтерди даярдоону баштоо, маселени айыл кеңештеринин сессияларына алып чыгуу жана айыл өкмөттөр менен жаңы муниципалдык ишкананын ортосунда ыйгарым укуктарды өткөрүп берүү боюнча келишимдерди этап-этабы менен түзүү жөнүндө чечим кабыл алышты.
Райондук кызмат көрсөтүүчүнүн түзүлүшү суу секторундагы реформанын маанилүү баскычы болуп, Панфилов районунун тургундарына көрсөтүлүүчү ичүүчү суу менен камсыздоо кызматтарынын сапатын, ишенимдүүлүгүн жана туруктуулугун жогорулатууга өбөлгө түзөт.
Кыргызстанда Ош, Чүй жана Ысык-Көл облустарындагы 126 айылдык калктуу конушту коопсуз ичүүчү суу жана заманбап саркынды суу кызматтары менен камсыз кылууга багытталган «Ичүүчү суу менен камсыздоого жана санитарияга жалпы жеткиликтүүлүк» (1-фаза) программасы активдүү ишке ашырылууда. Программанын жыйынтыгында 450 миңден ашуун тургун таза ичүүчү сууга жеткиликтүү болот.
Spelling error report
The following text will be sent to our editors: