Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров Непалда сел жүрүп, адамдардын каза болгондугуна байланыштуу Непалдын Президенти Рам Чандра Пауделге көңүл айтуу телеграммасын жолдоду.
“Непалдын чек ара аймактарында селдин кесепетинен ири кыйроолор болуп, көптөгөн адамдар каза болду деген суук кабарды терең кайгыруу менен кабыл алдым.
Каза болгондордун үй-бүлөлөрүнө жана жакындарына жеке өзүмдүн жана Кыргыз Республикасынын элинин атынан көңүл айтып аза кайгысын тең бөлүшөм, бардык жабыркагандардын тезирээк сакайып кетишин каалайм”, – деп айтылат телеграммада.
Маалымат булагы president.kg
Эгер ката тапсаңыз, сураныч, катаны белгилеп туруп, Ctrl+Enter баскычын басыңыз. Ctrl+Enter.
Spelling error report
The following text will be sent to our editors: