Москва шаарында Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигине (КМШ) мүчө мамлекеттердин ички иштер министрлер кеңешинин алдындагы Илимий-консультативдик кеңештин кезектеги жыйыны болуп өттү.

Жыйынга Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинен КМШга мүчө мамлекеттердин аймагында уюшкан кылмыштуулукка жана кылмыштардын башка коркунучтуу түрлөрүнө каршы күрөшүүнү координациялоо боюнча бюронун директорунун биринчи орун басары Аскат Алиев катышты. Иш-чарага ошондой эле Азербайжан, Беларусь, Казакстан, Россия жана Өзбекстандын укук коргоо органдарынын өкүлдөрү катышты.

Жыйындын жүрүшүндө Кеңештин 2026-жылдагы ишмердүүлүгүнүн жыйынтыктары чыгарылып, 2027-жылга карата биргелешкен иш-чаралардын планы талкууланды. Ошондой эле транс улуттук кылмыштуулукка каршы күрөшүүнүн актуалдуу маселелери каралды.

Өзгөчө көңүл кылмыштарды аныктоодо жана бетин ачууда жасалма интеллектти колдонууга, ошондой эле ички иштер органдарынын ишмердүүлүгүндө профайлингдин заманбап ыкмаларын колдонууга бурулду.

Жыйындын жыйынтыгында добуш берүүнүн негизинде Россия Федерациясынын Ички иштер министрлигинин Бүткүл россиялык илимий-изилдөө институтунун башчысы, полициянын генерал-майору Андрей Комзолов Илимий-консультативдик кеңештин төрагасы болуп шайланды.

Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин өкүлүнүн аталган жыйынга катышуусу эл аралык кызматташтыкты чыңдоого, тажрыйба алмашууга жана КМШга мүчө мамлекеттердин ортосунда уюшкан кылмыштуулукка каршы күрөшүү боюнча биргелешкен иш-аракеттерди өркүндөтүүгө багытталган.

Маалымат булагы egov.kg

Эгер ката тапсаңыз, сураныч, катаны белгилеп туруп, Ctrl+Enter баскычын басыңыз. Ctrl+Enter.