Талас облусунун Кайыңды айылында жер жана суу мыйзамдарынын талаптарынын бузулушу аныкталды. Жерди жана сууну көзөмөлдөө боюнча кызматтын текшерүүсүндө Кайыңды суусунун жээгиндеги суу коргоо зонасында жеңил конструкциядагы курулуштар жайгаштырылганы белгилүү болду.

Текшерүүнүн жүрүшүндө айрым курулуштар суу жээгине өтө жакын салынганы, ошондой эле эс алуу жайынын аймагында жер кыртышы бузулуп, курулуштарды орнотуу жана жол салуу сыяктуу иштер жүргүзүлгөнү аныкталды. Жалпысынан 557,8 чарчы метр жер кыртышы бузулган.

Мыйзам бузуулар боюнча Кыргыз Республикасынын «Укук бузуулар жөнүндө» кодексинин тиешелүү беренелерине ылайык айып пул салынды. Мындан тышкары, жер кыртышына келтирилген зыян 30 миң сом деп эсептелип, мыйзам бузууларды жоюу үчүн 30 күндүк мөөнөт берилди.

Маалымат булагы  egov.kg

Эгер ката тапсаңыз, сураныч, катаны белгилеп туруп, Ctrl+Enter баскычын басыңыз. Ctrl+Enter.