Жалал-Абад облусунун Ноокен районундагы Майлуу-Суу – Маданият автожолунун 10 километр аралыгына асфальт төшөө пландалган. Учурда аталган тилкеде жер жумуштары толугу менен аяктап, асфальт төшөө иштери башталды. Жолго эки катмар асфальт басуу каралган. Ошондой эле суу өткөрүүчү түтүктөрдү орнотуу иштери толугу менен аяктады. Жеринде 25 атайын техника жана 15 кызматкер иш алып барууда.

Мындан тышкары, долбоордун алкагында жалпы 8 көпүрө куруу каралган. Бүгүнкү күндө алардын үчөө толугу менен бүткөрүлдү. Калган көпүрөлөрдө курулуш иштери улантылууда.

Долбоор аймактын транспорттук жеткиликтүүлүгүн жакшыртып, калк үчүн ыңгайлуу жана коопсуз шарттарды түзүүгө багытталган.

Маалымат булагы egov.kg

Эгер ката тапсаңыз, сураныч, катаны белгилеп туруп, Ctrl+Enter баскычын басыңыз. Ctrl+Enter.