24-октябрдан 1-ноябрга чейин Казакстандын Астана шаарында чоңдор арасында спорттук күрөш боюнча дүйнө чемпионаты өтөт. Дүйнө биринчилигинде грек-рим, эркин жана кыз-келиндер күрөшү боюнча мелдештер уюштурулат.
Аталган эл аралык мелдеште Кыргызстандын намысын 22 спортчу коргойт: грек-рим күрөшү боюнча 10, эркин күрөш боюнча 8 жана кыз-келиндер күрөшү боюнча 4 балбан кирди.
Кыргызстандын улуттук курама командасынын курамы Грек-рим күрөшү:
Кутман Калбаев – 55 кг чейинки салмакта;
Курманбек Жапаров – 60 кг чейинки салмакта;
Афтандил Таалайбек уулу – 63 кг чейинки салмакта;
Раззак Бейшекеев – 67 кг чейинки салмакта;
Амантур Исмаилов – 72 кг чейинки салмакта;
Ырыскелди Максатбек уулу – 77 кг чейинки салмакта;
Акжол Махмудов – 82 кг чейинки салмакта;
Азат Салидинов – 87 кг чейинки салмакта;
Үзүр Жусупбеков – 97 кг чейинки салмакта;
Ильхам Токтаев – 130 кг чейинки салмакта.
Эркин күрөш:
Абдымалик Карачов – 57 кг чейинки салмакта;
Асан Өмүрбек уулу – 61 кг чейинки салмакта;
Тайырбек Жумашбек уулу – 65 кг чейинки салмакта;
Эрназар Акматалиев – 70 кг чейинки салмакта;
Орозобек Токтомамбетов – 74 кг чейинки салмакта;
Жакшылык Байташов – 79 кг чейинки салмакта;
Малик Шаваев – 86 кг чейинки салмакта;
Яков Чаплин – 92 кг чейинки салмакта.
Кыз-келиндер күрөшү:
Гүлнур Таштанбекова – 65 кг чейинки салмакта;
Мээрим Жуманазарова – 68 кг чейинки салмакта;
Нурзат Нуртаева – 72 кг чейинки салмакта;
Айпери Медет кызы – 76 кг чейинки салмакта.
Маалымат булагы egov.kg
Эгер ката тапсаңыз, сураныч, катаны белгилеп туруп, Ctrl+Enter баскычын басыңыз. Ctrl+Enter.
Spelling error report
The following text will be sent to our editors: