Базар-Коргон районунун Каба айылында жайгашкан Шабдан-Арык каналында 3,3 чакырым аралыкта механикалык тазалоо иштери жүргүзүлдү. Бул тууралуу Базар-Коргон райондук суу чарба башкармалыгынан билдиришти.
Аталган маселе президенттин Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Тилек Текебаевдин эл менен жолугушуусунда көтөрүлгөн. Ыйгарым укуктуу өкүл Шабдан-Арык каналын тазалоо жана айылга сугат суусун жеткирүүнү тездетүүнү тапшырган.
Базар-Коргон райондук суу чарба башкармалыгы тарабынан каналдын 3,3 чакырымында тазалоо иштери аткарылды. Жүргүзүлгөн иштердин натыйжасында учурда Шабдан-Арык каналы аркылуу Каба айылына суу жеткирилип, көптөн бери көтөрүлүп келген маселе өз чечимин тапты.

 

Маалымат булагы  egov.kg

Эгер ката тапсаңыз, сураныч, катаны белгилеп туруп, Ctrl+Enter баскычын басыңыз. Ctrl+Enter.