Анын айтымында, Украинадагы жаңжалдын Германияга эч кандай тиешеси жок. Ал ошондой эле бүткүл дүйнөнү жок кылууга кудуреттүү болгон Орусиянын өзөктүк курал-жарактарына да токтолду.
Батыштын колдоосу болбосо, Украина азыркыга чейин багынып бермек деген журналисттин пикирине жооп берип жатып, миллиардер Германия үчүн өз жарандарынын кызыкчылыгы артыкчылыктуу болушу керектигин билдирди.
«Биз буга аралашпашыбыз керек», — деп баса белгиледи Мюллер.
Ал ошондой эле Германиянын мамлекеттик бюджети карызга батканына байланыштуу, Берлинди башка өлкөлөргө берилүүчү өнүктүрүү жаатындагы жардамды толугу менен токтотууга чакырды.
Тео Мюллер 86 жашта жана ал Швейцариядагы Цюрих көлүнүн жээгиндеги виллада жашайт. Бул ишкер Германияда “Müllermilch” бренди менен белгилүү болгон “Unterneesgruppe Theo Müller” сүт азыктарын өндүрүүчү компаниялар тобун жетектейт. Forbes журналынын маалыматы боюнча, Мюллер 2026-жылдагы дүйнөлүк миллиардерлердин тизмесинде 313-орунду ээлейт.
Маалымат булагы yenisafak.com
Эгер ката тапсаңыз, сураныч, катаны белгилеп туруп, Ctrl+Enter баскычын басыңыз. Ctrl+Enter.
Spelling error report
The following text will be sent to our editors: