Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштертүү өнөр жайы министирлигине караштуу Өсүмдүктөрдү химиялаштыруу, коргоо жана карантин департаментинин Нарын облусунда топурактын агрохимиялык абалын аныктоого багытталган лаборатория ишин баштады.
Лабораториянын ачылышына Департаменттин жетекчилиги, Борбордук токсикологиялык лабораториянын башчысы, Нарын облусунун жетекчилигинин кызматкерлери жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын өкүлдөрү, ошондой эле фермерлер катышты.
Мындан сырткары маанилүү жаңылык Нарын облусуна топуракты агрохимиялык изилдөө үчүн көчмө лабораториялык топтом биринчи жолу алып келинди. Бул заманбап жабдуу жер кыртышынын агрохимиялык көрсөткүчтөрүн жеринде аныктоого жана алынган жыйынтыктардын негизинде айыл чарба өсүмдүктөрүн өстүрүүдө туура агротехникалык чечимдерди кабыл алууга мүмкүнчүлүк берет.
Лабораториянын ишке кириши Нарын облусундагы фермерлер үчүн топурактын абалын илимий негизде баалоого, жер семирткичтерди туура пайдаланууга жана топурактын түшүмдүүлүгүн сактоого багытталган маанилүү кадам болуп саналат.
Дареги: Нарын шаары, Мусулманкулов көчөсү, 12Б
Байланыш телефондору: 0700 040 406, 0706 842 843
Нарын облусунун фермерлерин жаңы топурак-агрохимиялык лабораториясына кайрылууга чакырабыз! Топурагыңыздын курамын текшертип, жер семирткичтерди туура колдонуу жана түшүмдүүлүктү жогорулатуу боюнча маалымат алыңыз.
Топурак — мол түшүмдүн негизи!
Маалымат булагы egov.kg
Эгер ката тапсаңыз, сураныч, катаны белгилеп туруп, Ctrl+Enter баскычын басыңыз. Ctrl+Enter.
Spelling error report
The following text will be sent to our editors: