Кыргызстан 2027-жылы өтө турган КМШ оюндарынын төртүнчүсүн кабыл алуучу өлкө катары расмий түрдө бекитилди. Бул чечим 2026-жылдын 27-сентябрында Алматы шаарында өткөн Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигине (КМШ) мүчө мамлекеттердин дене тарбия жана спорт боюнча кеңешинин жыйынында кабыл алынган.

Азербайжан, Армения, Беларусь, Казакстан, Кыргызстан, Орусия, Тажикстан, Өзбекстан жана Түркмөнстандын, ошондой эле КМШнын Аткаруу комитетинин расмий делегациялары жана ыйгарым укуктуу өкүлдөрү эл аралык спорттук кызматташтыкты мындан ары чыңдоо максатында күчтөрдү бириктирип, маанилүү спорттук жыйынга катышышты.

 

Маалымат булагы e-cis.info

Эгер ката тапсаңыз, сураныч, катаны белгилеп туруп, Ctrl+Enter баскычын басыңыз. Ctrl+Enter.