Министрлик дыйкандарга күздүк себүүгө жогорку түшүмдүү сортторду сунуштайт
📌Айыл чарба өсүмдүктөрүн жана багбанчылыкты экспертизалоо департаменти дыйкандаргды күздүк буудай эгүүнү чакырат жана күздүк себүүгө жогорку түшүмдүү сортторду сунуштайт.
Кыргызстандын шарттарына ылайыктуу, кургакчылыкка жана суукка чыдамдуу жергиликтүү сорттордон Интенсивная, Зубков, Влада, Адыр сыяктуу сорттору сунушталат.
📌Интенсивная (Кыргызстан) – Сугат жана кайрак жерлерге ылайыктуу. Дандын курамындагы белок 13–16% түзүп, илешкектүүлүгү жана түшүмдүүлүгү жогорку сорт болуп саналат.
Зубков (Кыргызстан) – түшүмдүүлүгү гектарына 94 центреге чейин жетет. Дандын курамындагы белок 13,8%, илешкектүүлүгү 29%. Күздүк себүүдө вегетация мезгилинин узактыгы 234-247 күн.
Влада (Кыргызстан) – түшүмдүүлүгү 60 ц/га. Дандын курамындагы белок 14,5%, илешкектүүлүгү 30%. Вегетация мезгилинин узактыгы 265 күн.
Адыр (Кыргызстан) – түшүмү 66,7 ц/га.. Дандын курамында белок 14,6% болсо илешкектүүлүгү 29% түзөт. Вегетация мезгили 249-260 күн.
📌Ошондой эле Кыргызстандын шарттарында өзүн мыкты көрсөткөн жогорку түшүмдүү, суукка жана илдеттерге туруктуу чет өлкөлүк сорттордон Ликамеро – (Франция). Тризо – (Германия). Есаул, Алексеич, Тимирязевка 150, Баграт, Гурт (Орусия), АСР , Давр (Өзбекстан) сорттору Ош, Жалал-Абад, Чүй, Ысык-Көл жана Талас облустарынын сугат жерлерине сунушталса, Стекловидная 24 – (Казакстан). Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын кайрак жерелерине сунушталат.
📌Стекловидная 24 – (Казакстан). Кайрак жерлерге ылайыктуу. Орточо түшүмү 30–37 ц/га. Дандын курамында белок 13%, илешкектүүлүгү 27%. Вегетация мезгилинин узактыгы 233-259 күн. Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарына сунушталат.
Ликамеро – (Франция). Эрте бышат, түшүмү 40 ц/га. Кыргызстанда Ош, Жалал-Абад, Чүй, Ысык-Көл жана Талас облустарынын сугат жерлерине сунушталат.
📌Тризо – (Германия). Түшүмүдүүлүгү 45–56 ц/га. Сабагы жыгылбайт,. Кыргызстанда Ош, Жалал-Абад, Чүй, Ысык-Көл жана Талас облустарынын сугат жерлерине сунушталат.
Есаул (Орусия) – эрте бышат. Орточо түшүмү 48–53 ц/га,. Белок 15%, клейковинасы 33%. сугат жерлерге ылайыктуу. Вегетация мезгили 229-234 күн.
Алексеич (Орусия) – түшүмүдүүлүгү 57 ц/га. Суукка жана илдеттерге туруктуу, сапаттуу ун берет. Вегетация мезгили 286 – 307 күн. Кыргызстанда Ош, Жалал-Абад, Чүй, Ысык-Көл жана Талас облустарынын сугат жерлерине сунушталат.
📌Тимирязевка 150 (Орусия)– түшүмүдүүлүгү 33–37 ц/га. Сабагы орточо узундукта жанжыгылбайт. Илдеттерге туруктуу. Вегетация мезгили 214 – 306 күн. Кыргызстанда Ош, Жалал-Абад, Чүй, Ысык-Көл жана Талас облустарынын сугат жерлерине сунушталат.
Баграт (Орусия). Орточо түшүмү 65 ц/га. Сугатка сунушталат.. Өсүү мезгили – 219-278 күн.. Дандын курамындагы белок 13,1-14,5%, илешкектүүлүгү 27,1-33,8%. илдеттерге туруктуу, сабагы жыгылбайт.
Гурт (Орусия)– түшүмү 58 ц/га. Белок 13–15%, илешкектүүлүгү 28–33%. Сабагы бекем, илдеттерге чыдамдуу. Сугат жерлере үчүн сунушталат.
📌АСР (Өзбекстан) – сабагынын бийиктиги 100-110 см, 2021-жылы Кара-Суу мамлекеттик сорт сыноо участогунда жүргүзүлгөн сыноодо 56,2 ц/га түшүм берген. Илешкектүүлүгү 22,5-28,2%. Илдеттерге жана климаттык шарттарга туруктуу.
Давр (Өзбекстан) Сабагынын бийиктиги 90-95 см. Сорт сыноодо тилкелеринде 54,8 ц/га түшүм берген. Илдеттерге жана климаттык шарттарга туруктуу.
Маалымат булагы egov.kg
Эгер ката тапсаңыз, сураныч, катаны белгилеп туруп, Ctrl+Enter баскычын басыңыз. Ctrl+Enter.
Spelling error report
The following text will be sent to our editors: