Кыргыз спорту орду толгус оор жоготууга учурады.
2026-жылдын 3-октябрында 81 жаш курагындаСССРдин жана Кыргыз Республикасынын эмгексиңирген машыктыруучусу, эркин күрөш боюнчаСССРдин спорт чебери, залкар устат ЖеңишБекбоевич Дөңбаев дүйнөдөн кайтты.
Жеңиш Бекбоевич Дөңбаев 1945-жылы Талас облусунун Бакай-Ата районундагы Кең-Арал айылында туулган. Спорттук жолунда СССРдинкурама командасынын курамында чыгып, республикалык жана бүткүл союздук мелдештердежеңиштерге жетишкен. Өмүрүнүн басымдуубөлүгүн кыргыз күрөшүн өнүктүрүүгө жана жашспортчуларды тарбиялоого арнаган.
Ал Кыргызстандын эркин күрөш боюнча улуттуккурама командасынын улук жана башкымашыктыруучусу, олимпиадалык резерв мектебинин директору, Күрөштү өнүктүрүүборборунун жетекчиси болуп эмгектенген. Көптөгөн спорт чеберлерин тарбиялап, алардынарасында дүйнө, Европа жана СССР чемпионаттарынын жеңүүчүлөрү жана байге ээлери, эл аралык класстагы спорт чеберлери жанаКыргызстандын көп жолку чемпиондору чыккан.
Жеңиш Бекбоевичтин кыргыз спортунунөнүгүшүнө кошкон салымы мамлекет тарабынанжогору бааланып, Кыргыз Республикасынын Ардакграмотасы менен сыйланган жана «КыргызРеспубликасынын маданиятына эмгек сиңиргенишмер» ардак наамына татыган.
Жеңиш Дөңбаевдин өмүр жолу – спорткоберилгендиктин, устаттык эмгектин жанамекенчилдиктин үлгүсү. Жеңиш Бекбоевичтинжаркын элеси биздин жүрөгүбүздө түбөлүккөсакталат.
Маркумдун үй-бүлөсүнө, туугандарына жанажакындарына терең кайгыруу менен көңүл айтып, орду толгус жоготуунун аза кайгысын теңбөлүшөбүз.
А.А. Касымалиев, У.Э. Маматканов, Ы.Ы. Атажанов, У.С. Асанбаев, Э.Дж. Джумаев, А.А. Оморканов, К.О. Осмоналиев, М.О. Букуев, А.М. Салымбеков, Т.А. Сариев, Э.С. Тентишев, М.Т. Турганбаев, Ш.Р. Касенов, М.А. Акеров, А.М. Юнусов, Х. Махмудов, Ж. Карагулов, К.А. Макешов, Б.Б.Кенжебаев, Ч.К. Изабеков, Н.К. Изабеков, Р.М. Мажинов, О.П. Назаров, К.Б. Омуралиев, М.Дж. Ахметов ж.б.
Маалымат булагы gov.kg
Эгер ката тапсаңыз, сураныч, катаны белгилеп туруп, Ctrl+Enter баскычын басыңыз. Ctrl+Enter.
Spelling error report
The following text will be sent to our editors: