К. И. Скрябин атындагы Кыргыз улуттук агрардык университетинде Россия–Кыргызстан агрардык университеттер консорциумунун III Россия–Кыргызстан билим берүү форуму болуп өттү.

Иш-чарага билим берүү, илим жана айыл чарба тармагынын өкүлдөрү катышып, эки өлкөнүн агрардык жогорку окуу жайлары менен илимий-изилдөө мекемелеринин ортосундагы кызматташтыкты өнүктүрүү маселелери талкууланды.

Форумдун жүрүшүндө Кыргыз Республикасынын Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигине караштуу Кыргыз мал чарба жана жайыт илим-изилдөө институтунун директору Ибраев Рахат Абитович катышуучуларга куттуктоо сөзүн сүйлөдү.

Ошондой эле форумдун алкагында айыл чарба өндүрүшүндө инновациялык технологияларды колдонууга багытталган маанилүү келишимге кол коюлду.

Тактап айтканда, «Кыргыз Республикасынын шарттарында Россия Федерациясында өндүрүлгөн „Peatgel“ гуминдик препаратын жабык топуракта өстүрүлгөн жашылча жана тоют өсүмдүктөрүнө колдонуу, жайыттарды калыбына келтирүү жана тоок кыгын зыянсыздандыруу» темасында биргелешкен ишмердүүлүк жөнүндө келишим түзүлдү.

Келишимге төмөнкү уюмдар кол коюшту:

  • Кострома мамлекеттик айыл чарба академиясы;
  • Кыргыз мал чарба жана жайыт илим-изилдөө институту;
  • Россия Федерациясынын «Экопак» ЖЧКсы;
  • Кыргыз Республикасынын «Единство» бизнести жана ишкердикти өнүктүрүүгө көмөктөшүү фонду» коомдук фонду.

Келишим айыл чарбасында илимий изилдөөлөрдү жана инновациялык чечимдерди практикага киргизүүгө, топурактын түшүмдүүлүгүн жогорулатууга, жайыттарды калыбына келтирүүгө жана органикалык калдыктарды натыйжалуу зыянсыздандыруу боюнча биргелешкен иштерди жүргүзүүгө багытталган.

Мындай кызматташтык Кыргызстандын айыл чарба тармагында илим менен өндүрүштүн байланышын бекемдөөгө жана заманбап технологияларды жайылтууга өбөлгө түзөт.

 

Эгер ката тапсаңыз, сураныч, катаны белгилеп туруп, Ctrl+Enter баскычын басыңыз. Ctrl+Enter.