Сапаттуу көчөт — мол түшүмдүн негизи

Малина өстүрүүдө жогорку түшүм алуу үчүн жерди туура даярдоо жана сапаттуу көчөт тандоо маанилүү.

Малинаны отургузуудан мурда топуракты жакшылап даярдап, болжол менен 50×50 сантиметрлик чуңкур казуу сунушталат. Ага жакшы чириген кык же компост, топурактын курамына жараша 300 граммга чейин суперфосфат жана калий жер семирткичи берилет. Малина хлорго сезимтал болгондуктан, хлорсуз калий жер семирткичтерин колдонууга артыкчылык берүү керек.

Көчөт сатып алууда анын сорттук сапатына жана фитосанитардык документтерине сөзсүз көңүл буруңуз. Көчөт дени сак, тамыр системасы жакшы өнүккөн жана оорулардан таза болушу зарыл. Сатып алуудан мурун сатуучудан тиешелүү сертификаттарды талап кылуу сунушталат.

Бүгүнкү күндө Россиядан «Барнаульский», «Полка», «Полана», «Блестящий» сыяктуу малинанын сортторунун көчөттөрү сунушталууда. Бирок сорт тандоодо аймактын климаттык шартын, топуракты, сугаруу мүмкүнчүлүгүн жана рыноктогу суроо-талапты эске алуу зарыл.

Сапаттуу көчөт + туура агротехника + өз убагындагы сугаруу жана азыктандыруу — мол түшүмдүн негизги шарттары. Туура технология сакталган учурда айрым интенсивдүү плантацияларда гектарынан 10–15 тоннага чейин түшүм алууга мүмкүнчүлүк бар.

Жогоруда көрсөтүлгөн малинанын сорттору жана көчөттөрү боюнча кеңири маалымат алуу боюнча Департаменттин башкы агроному Нурубек Малабаевге кайрылсаңыздар болот.

📞 Байланыш телефону: +996 559 220 381

Маалымат булагы egov.kg

Эгер ката тапсаңыз, сураныч, катаны белгилеп туруп, Ctrl+Enter баскычын басыңыз. Ctrl+Enter.