Кыргызстанда органикалык айыл чарба өндүрүшүнө тартылган жерлердин аянты 2026-жылдын 30-июнуна карата 101 358 гектарга жетти. Жыл башында бул көрсөткүч 61,5 миң гектарды түзгөн.
Органикалык айыл чарбасын өнүктүрүү — айыл чарба тармагындагы мамлекеттик саясаттын артыкчылыктуу багыттарынын бири. Бул багытта мыйзамдык база өркүндөтүлүп, органикалык продукцияны сертификациялоо системасын өнүктүрүүгө, фермерлердин билим деңгээлин жогорулатууга жана кооперацияны күчөтүүгө көңүл бурулууда.
Мамлекеттик программанын негизги максаты — 2029-жылга чейин органикалык өндүрүшкө тартылган жерлердин аянтын 200 миң гектарга жеткирүү.
Органикалык өндүрүштү өнүктүрүүнүн маанилүү механизмдеринин бири — катышуучулук кепилдик системасы (PGS). Бул система чакан фермерлерге органикалык өндүрүшкө жамааттык түрдө өтүүгө мүмкүнчүлүк берет. Мындай ыкма жеке эл аралык сертификацияга салыштырмалуу чыгымдарды азайтууга шарт түзөт. 2026-жылы органикалык айыл чарбасын өнүктүрүү багытында бир катар маанилүү кадамдар жасалды. Президенттин 2026-жылдын 11-февралындагы №40 Жарлыгы менен сентябрь айынын акыркы жумасынын жума күнү Улуттук органикалык айыл чарба күнү катары белгиленди.
Мындан тышкары, 2025–2029-жылдарга органикалык өндүрүштү өнүктүрүү программасы кабыл алынып, Борбордук Азия мамлекеттеринин ортосунда органикалык азыктарды тоскоолдуксуз жүгүртүүгө багытталган бирдиктүү стандарт кабыл алынды. Бул багытта өлкөлөрдүн улуттук мыйзамдарын гармонизациялоо боюнча иштер улантылат.
Бүгүнкү күндө Кыргызстанда өндүрүлгөн органикалык продукциялар 30дан ашык өлкөгө экспорттолот. Органикалык өндүрүштүн кеңейиши ата мекендик өндүрүүчүлөрдүн жаңы рынокторго чыгышына жана экспорттук мүмкүнчүлүктөрдүн өсүшүнө шарт түзүүдө.
Органикалык айыл чарбасын өнүктүрүүгө жеке инвестициялардын тартылышы да маанилүү көрсөткүч болуп саналат. Бүгүн, 6-октябрда, Талас облусунун Айтматов районундагы Ак-Башат айылында 300 гектар аянтта жайгашкан «Талас Органик» агрокомплексинин ачылышы күтүлүүдө. Долбоор эл аралык органикалык сертификатка ээ болгон облустагы алгачкы ири өндүрүштөрдүн бири болуп саналат.
Агрокомплексте 35 гектар жерге органикалык картошка өстүрүлүп, алынган продукция Казакстанга экспорттоло баштады.
Министрлик үчүн органикалык айыл чарбасын өнүктүрүү экологиялык таза өндүрүштү жайылтуу менен гана чектелбейт. Бул багыт айыл жериндеги кирешелерди көбөйтүүгө, жаңы жумуш орундарын түзүүгө, фермерлердин өндүрүш мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүүгө жана өлкөнүн экспорттук потенциалын жогорулатууга багытталган маанилүү экономикалык багыт болуп саналат.
Маалымат булагы egov.kg
Эгер ката тапсаңыз, сураныч, катаны белгилеп туруп, Ctrl+Enter баскычын басыңыз. Ctrl+Enter.
Spelling error report
The following text will be sent to our editors: