Бүгүнкү күндө республика боюнча кант кызылчасын оруп-жыйноо иштери активдүү жүргүзүлүүдө. 2026-жылы кант кызылчасы 11,8 миң гектар аянтка айдалып, учурда анын 4,1 миң гектарында түшүм жыйналды. Бул жалпы айдоо аянтынын 34,7 пайызын түзөт. Салыштыруу үчүн, 2025-жылы кант кызылчасы 13,4 миң гектар аянтта өстүрүлүп, жалпы 538,9 миң тонна түшүм алынган. Орточо түшүмдүүлүк гектарына 401,9 центнерди түзгөн. Быйыл кант кызылчасынын айдоо аянты өткөн жылга салыштырмалуу 11,9 пайызга азайган. Ошол эле учурда, 2026-жылдагы жагымдуу климаттык шарттар жана агротехникалык иш-чаралардын өз убагында жана сапаттуу жүргүзүлүшү түшүмдүүлүктүн жогорулашына шарт түзүүдө. Алдын ала болжолдорго ылайык, быйыл кант кызылчасынын орточо түшүмдүүлүгү гектарына 600 центнерге чейин жетип, жалпы түшүм 700–710 миң тоннага чейин жетери күтүлүүдө. Күтүлүп жаткан жогорку түшүм ата мекендик кант өндүрүшүн туруктуу чийки зат менен камсыз кылууга, ички рынокту кант менен камсыздоонун туруктуулугун жогорулатууга жана калктын кантка болгон керектөөсүн ички өндүрүштүн эсебинен камсыз кылууга өбөлгө түзөт. Бул өз кезегинде өлкөнүн азык-түлүк коопсуздугун камсыз кылуунун маанилүү багыттарынын бири болуп саналат.
Маалымат булагы egov.kg
Эгер ката тапсаңыз, сураныч, катаны белгилеп туруп, Ctrl+Enter баскычын басыңыз. Ctrl+Enter.
Spelling error report
The following text will be sent to our editors: