Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинин колдоосу менен фермерлерге мал чарбачылыгын өнүктүрүүгө жана асыл тукум малдын санын көбөйтүүгө багытталган 3 пайыздык жеңилдетилген насыя алуу мүмкүнчүлүгү түзүлдү.
Бул мүмкүнчүлүктөн пайдаланып, Жайыл районунан келген фермер Бактияр Чыналиев «Кыргыз Агрохолдинг» ААКнын «Элита» мал чарба филиалынан абердин-ангус породасындагы асыл тукум малдарды сатып алып, өз чарбасын кеңейтүүдө.
🔷 Бактияр Чыналиев, фермер:
«Буга чейин кыргыз уйларын багып келгем. Эми АБанктан 3 млн 750 миң сом өлчөмүндө жеңилдетилген насыя алдым. Насыя алуу үчүн үйүмдү жана сарайымды күрөөгө койдум. Ал каражатка абердин-ангус породасындагы 15 баш асыл тукум малдарды сатып алдым. Бул мүмкүнчүлүк фермерлер үчүн чоң колдоо болуп жатат».
🔰Асыл тукум мал сатып алууга берилүүчү жеңилдетилген насыя 3 пайыздык үстөк менен 5 жылга чейин берилет. Мындан тышкары, 12 айга чейин жеңилдетилген мөөнөт каралган. 500 миң сомго чейинки насыя күрөөсүз, ал эми 500 миң сомдон 20 млн сомго чейинки насыя күрөө менен берилет.
🔷 Насыя банк тарабынан жактырылгандан кийин фермер «Кыргыз Агрохолдинг» ААК менен келишим түзүп, «Элита» мал чарба филиалынан асыл тукум малдарды тандап сатып ала алат.
Бул иштер фермерлердин мал чарбачылыгын өнүктүрүүгө, асыл тукум малдын санын көбөйтүүгө жана өлкөдө эт өндүрүшүн жогорулатууга багытталган.

Маалымат булагы egov.kg

Эгер ката тапсаңыз, сураныч, катаны белгилеп туруп, Ctrl+Enter баскычын басыңыз. Ctrl+Enter.