Түркмөнбашы шаарында бүгүн, 8-октябрда, Борбордук Азия мамлекеттеринин жана Азербайжан Республикасынын мамлекет башчыларынын Консультативдик жолугушуусунун алкагында Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаровду Түркмөнстандын Президенти Сердар Бердымухамедовдун тосуп алуу аземи болуп өттү.
Саммитке ошондой эле Казакстан Республикасынын Президенти Касым-Жомарт Токаев, Тажикстан Республикасынын Президенти Эмомали Рахмон, Өзбекстан Республикасынын Президенти Шавкат Мирзиёев жана Азербайжан Республикасынын Президенти Ильхам Алиев катышууда.
Тосуп алуу аземи жана биргелешкен сүрөткө түшүү аяктагандан кийин мамлекет башчылары жыйындар залына өтүштү.
Маалымат булагы president.kg
Эгер ката тапсаңыз, сураныч, катаны белгилеп туруп, Ctrl+Enter баскычын басыңыз. Ctrl+Enter.
Spelling error report
The following text will be sent to our editors: