Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат жана жаштар саясаты министрлиги кыргыз профессионал театрынын түптөлүшүнүн 100 жылдык мааракесин жогорку деңгээлде белгилөө максатында бир катар маданий иш-чараларды уюштурат.

Мааракенин алкагында 2026-жылдын 26–30-октябрь күндөрү Кыргыз Республикасынын Баатыры, легендарлуу маданият министри К. Кондучалованын жаркын элесине арналган XIV республикалык театр фестивалы өткөрүлөт.

Фестивалга эксперттик комиссиянын тандоосунан өткөн Кыргызстандын 10 театры катышып, ар бири өзүнүн бирден спектаклин тартуулайт. Мындан тышкары, конкурстан тышкары негизде 29-октябрда Ч. Айтматов атындагы Кыргыз Республикасынын мамлекеттик улуттук орус драма театрында Россиянын ГИТИС – Театралдык искусство институтунда билим алып жаткан кыргызстандык студенттердин спектакли көрсөтүлөт.

Фестивалдын негизги максаты – кыргыз театр искусствосунун түптөлүү тарыхын даңазалоо, К. Кондучалованын жаркын элесин эскерүү, улуттук театр өнөрүн өнүктүрүү жана эл аралык деңгээлге чыгаруу, театрлар ортосунда тажрыйба алмашууну камсыз кылуу, ошондой эле чыгармачыл жамааттарга дем берүү.

Фестивалдын ачылыш аземи 26-октябрда саат 15:00дө, ал эми жабылыш аземи 30-октябрда саат 17:00дө Т. Абдумомунов атындагы Кыргыз улуттук академиялык драма театрында өтөт.

Мааракенин алкагында Бишкек шаарындагы сейил бактарда концерттик программалар менен коштолгон театралдык жүрүштөр уюштурулуп, кыргыз профессионал театрынын 100 жылдык тарыхы жана жетишкендиктери даңазаланат.

Фестивалдын негизги программасына кирбей калган театрлар менен филармониялардын чыгармачыл жамааттары сейил бактарда театралдык жүрүштөрдү уюштурууга катышат. Ал эми куурчак театрлары мектепке чейинки жана жалпы орто билим берүү мекемелеринде балдар үчүн жомок-спектаклдерин тартуулашат.

Ошондой эле актерлордун кесиптик чеберчилигин өркүндөтүү максатында Т. Абдумомунов атындагы Кыргыз улуттук академиялык драма театрында белгилүү жана тажрыйбалуу режиссёрлордун катышуусунда мастер-класстар өткөрүлөт.

Мындан тышкары, 2026-жылдын 2-ноябрында кыргыз театрынын 100 жылдыгына арналган илимий конференция жана Т. Усубалиев атындагы аянтта мааракени салтанаттуу белгилөө аземи уюштурулат.

Маалымат булагы egov.kg

Эгер ката тапсаңыз, сураныч, катаны белгилеп туруп, Ctrl+Enter баскычын басыңыз. Ctrl+Enter.