Кыргыз Республикасынын Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигине караштуу Балык өнөр жайы комплекси департаментинин Регионалдык акклиматташтыруу жана балык өндүрүү-өстүрүү бөлүмү (Станциясы) тарабынан Ысык-Көлдөгү балык запастарын жасалма жол менен көбөйтүү иш-чарасы   башталды.

Учурда Ысык-Көл жилиңгиринин (форелдин) икрасын алуу, аны жасалма жол менен уруктандыруу жана атайын инкубациялык аппараттарга жайгаштыруу иштери жүргүзүлүүдө.

Бул иш-чаралар Ысык-Көлдүн балык ресурстарын сактоого жана көбөйтүүгө, ошондой эле көлдүн экосистемасынын туруктуулугун камсыз кылууга багытталган.

 

 

Эгер ката тапсаңыз, сураныч, катаны белгилеп туруп, Ctrl+Enter баскычын басыңыз. Ctrl+Enter.