2026-жылдын 20-октябрында Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлигинде Евразия экономикалык комиссиясынын (ЕЭК), мамлекеттик органдардын жана Кыргызстандын бизнес-коомчулугунун өкүлдөрү менен жолугушуу өттү.
Жолугушууга Кыргыз Республикасынын экономика жана коммерция министринин орун басары Султан Ахматов, Евразия экономикалык комиссиясынын соода боюнча министри Андрей Слепнев, мамлекеттик органдардын, бизнес-ассоциациялардын өкүлдөрү жана ишкерлер катышты.
Жолугушуу ачык диалог форматында өттү. Бизнес өкүлдөрү өздөрүн кызыктырган суроолорду түздөн-түз берип, тышкы экономикалык ишмердүүлүктү жүргүзүүдө жаралган кыйынчылыктарды талкуулоого мүмкүнчүлүк алышты.
Жеңил өнөр жай продукциясын экспорттоого, жүк ташууларга жана тышкы соода ишмердүүлүгүнүн башка маселелерине өзгөчө көңүл бурулду.
Жүк ташуу тармагынын өкүлдөрү жүк ташуучу унаалардын дөңгөлөктөрүнө карата антидемпингдик алымдарды колдонуу, ошондой эле Россия Федерациясында товарлардын жеткирилишин күтүүнү ырастоонун улуттук системасынын (СПОТ) колдонулушун эске алуу менен ЕАЭБ алкагында соода жүргүзүүнүн өзгөчөлүктөрү боюнча маселелерди көтөрүштү.
Катышуучулар артыкчылыктуу тармактардагы кооперациялык долбоорлорду колдоонун мүмкүн болгон чаралары тууралуу да пикир алышты. Мындай долбоорлорго кыргызстандык ишканалардын катышуу мүмкүнчүлүктөрүнө өзүнчө көңүл бурулду.
Ишкерлер практикалык тажрыйбалары менен бөлүшүп, ЕАЭБ мамлекеттеринин рынокторуна товар жеткирүүдө туш болгон көйгөйлөрдү белгилешти. Евразия экономикалык комиссиясынын жана Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдарынын өкүлдөрү көтөрүлгөн маселелерди бизнес-коомчулук менен талкуулашты.
Мындай жолугушуулар бизнестин, мамлекеттик органдардын жана Евразия экономикалык комиссиясынын түздөн-түз өз ара аракеттенүүсү үчүн маанилүү аянтча болуп саналат. Алар ишкерлердин муктаждыктарын жакшыраак түшүнүүгө жана жаралган көйгөйлөрдү чечүүнүн жолдорун биргелешип издөөгө мүмкүнчүлүк берет.
Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлиги бизнес-коомчулук менен ачык диалогду, ошондой эле Евразия экономикалык комиссиясы жана кызыкдар мамлекеттик органдар менен жаралган маселелерди чечүү жана тышкы соода ишмердүүлүгү үчүн жагымдуу шарттарды түзүү боюнча биргелешкен ишти улантат.
Маалымат булагы egov.kg
Эгер ката тапсаңыз, сураныч, катаны белгилеп туруп, Ctrl+Enter баскычын басыңыз. Ctrl+Enter.
Spelling error report
The following text will be sent to our editors: