Красноярск шаары, 2026-жыл, октябрь
2026-жылдын 27-сентябрынан 2-октябрына чейин Красноярск шаарында өткөн Финансылык коопсуздук боюнча VI Эл аралык олимпиаданын финалдык этабынын жыйынтыгы боюнча Кыргыз Республикасынын өкүлдөрү студенттер арасындагы эл аралык интеллектуалдык мелдештин байге ээлеринин катарына киришти.
Олимпиаданын финалдык этабына 45 өлкөдөн 700гө жакын катышуучу катышты. Жыйынтыгында 35 өлкөдөн келген 219 катышуучу жеңүүчү жана байге ээси аталды. Алардын 193ү студенттер болду.
Кыргыз Республикасын студенттер категориясында олимпиаданын тиешелүү багыттары боюнча өз билимдерин жана кесиптик компетенцияларын жогорку деңгээлде көрсөткөн жаш адистер өкүлчүлүк кылышты.
Финалдык сыноолордун жыйынтыгы боюнча байге ээлери:
· Мирбекова Аяна Мирбековна — Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинин студенти, «Эл аралык мамилелер» багыты боюнча;
· Абдаримова Сабина Нурмахамедовна — Кыргыз Республикасынын Эл аралык университетинин студенти, «Эл аралык мамилелер» багыты боюнча;
· Семенова Алиса Дмитриевна — Исхак Раззаков атындагы Кыргыз мамлекеттик техникалык университетинин студенти, «Экономика» багыты боюнча.
2026-жылы студенттер үчүн финалдык сыноолор төрт багыт боюнча өткөрүлдү: «Маалыматтык коопсуздук», «Эл аралык мамилелер», «Экономика» жана «Юриспруденция».
Олимпиаданын негизги максаты — таланттуу жаштарды аныктоо, ошондой эле финансылык коопсуздук жаатындагы окуу-таанып-билүү жана илимий-изилдөө ишмердүүлүгүн өнүктүрүү.
Катышуучулар үчүн олимпиада кесиптик билимдерин текшерүүчү аянтча гана болбостон, практикалык тажрыйба топтоого, ошондой эле ар кайсы өлкөлөрдүн билим берүү, эксперттик жана кесиптик коомчулугунун өкүлдөрү менен таанышууга мүмкүнчүлүк түздү.
Финансылык коопсуздук боюнча VI Эл аралык олимпиаданын финалдык жумалыгы билим берүү, кесиптик өнүгүү, маданият жана спорт багыттарын камтыган 100дөн ашык иш-чараны өзүнө камтыды. 2026-жылдагы олимпиаданын негизги темасы жасалма интеллекттин финансылык коопсуздукка тийгизген таасири болду.
Эл аралык кесиптик диалогдун маанилүү аянтчасы болуп «Жаштардын келечеги: технологиялар доору» аттуу Финансылык коопсуздук боюнча эл аралык форум өттү. Форумга 45 өлкөдөн мамлекеттик органдардын, билим берүү жана илимий мекемелердин, эксперттик коомчулуктун өкүлдөрү, ошондой эле Финансылык коопсуздук боюнча эл аралык кыймылдын мүчөлөрү катышты.
Кыргыз Республикасынын өкүлдөрүнүн эл аралык деңгээлдеги катышуусу жана байгелүү орундарга ээ болушу кыргызстандык жаштардын финансылык коопсуздукка, эл аралык кызматташтыкка жана кесиптик өнүгүүгө болгон кызыгуусу жогору экенин көрсөтөт.
Студенттердин ийгиликтүү катышуусу Кыргыз Республикасынын командасы үчүн VI Эл аралык олимпиаданын маанилүү жыйынтыгы болуп, жаш адистердин мындан аркы кесиптик өнүгүүсүнө өбөлгө түздү.
Маалымат булагы egov.kg
Эгер ката тапсаңыз, сураныч, катаны белгилеп туруп, Ctrl+Enter баскычын басыңыз. Ctrl+Enter.
Spelling error report
The following text will be sent to our editors: