Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министрлиги тарабынан Нарын облусунун Кочкор районунда жалпы аянты 14 469 чарчы метрди түзгөн жаңы автобекет курулууда.
Долбоор республикалык бюджеттин эсебинен каржыланып, тендердик баасы 395 миллион сомду түзөт. Курулуш иштери 2025-жылдын январь айында башталган.
Архитектуралык долбоорго ылайык, автобекет эки кабаттуу, заманбап үлгүдө курулууда. Имаратта жүргүнчүлөр үчүн күтүү залы, административдик бөлмөлөр жана экинчи кабатта мейманкана каралган.
Учурда негизги курулуш иштери дээрлик аяктап, алдыда аймактын сырткы бөлүгүнө асфальт төшөө иштери жүргүзүлөт. Объекттеги курулуш иштеринин жүрүшү Турак жай-жарандык курулуш департаменти тарабынан көзөмөлгө алынган.
Spelling error report
The following text will be sent to our editors: