2026-жылдын 21–22-октябрында Токтогул Сатылганов атындагы Кыргыз улуттук филармониясынын чоң залында Асанхан Жумахматов атындагы Мамлекеттик академиялык чоң симфониялык оркестрдин жаңы концерттик сезонунун ачылышына арналган концерттер болуп өттү.

Концерттик программа симфониялык музыканын дүйнөлүк классикасын, опералык арияларды, хор өнөрүн жана балетти камтыды. Иш-чаранын биринчи бөлүмүндө П. И. Чайковскийдин «1812-жыл» аттуу увертюрасы Кыргыз Республикасынын Коргоо министрлигинин өзүнчө аскердик-көрсөтмө оркестри менен биргеликте аткарылды. Андан соң А. П. Бородиндин «Князь Игорь» операсынан князь Игордун жана хан Кончактын ариялары, ошондой эле белгилүү «Половец бийлери» тартууланды. Чыгармаларды аткарууга А. Малдыбаев атындагы Кыргыз улуттук академиялык опера жана балет театрынын оркестри, хору жана балет артисттери катышты. Дирижёрлук кылган Кыргыз Республикасынын эл артисти Рахатбек Осмоналиев болду.

Концерттин экинчи бөлүмүндө Карл Орфтун «Кармина Бурана» кантатасы аткарылды. Чыгармада симфониялык оркестрдин, солисттердин жана бириккен хордун аткаруусу көрүүчүлөргө өзгөчө таасир калтырды. Солисттер катары П. Попикова, Э. Бейшенбаев жана Кыргыз Республикасынын эл артисти Бакыт Ыбыкеев чыгышты. Ошондой эле концертке А. Малдыбаев атындагы Кыргыз улуттук академиялык опера жана балет театрынын хору жана М. Абдраев атындагы Республикалык орто атайын музыкалык мектеп-интернатынын хору катышты. Хормейстерлер — Кыргыз Республикасынын эл артисти Карагул Тиленчиев жана Рашид Омурзаков.

Эки күнгө созулган концерттер көрүүчүлөрдүн жылуу кабыл алуусуна ээ болуп, симфониялык музыканын күчүн жана көркөмдүгүн даңазалады. Жаңы концерттик сезондун ачылышы өлкөнүн музыкалык маданиятын өнүктүрүүгө, классикалык искусствону жайылтууга жана көрүүчүлөрдүн руханий дүйнөсүн байытууга багытталган маанилүү маданий окуялардын бири болду.

Маалымат булагы  egov.kg

Эгер ката тапсаңыз, сураныч, катаны белгилеп туруп, Ctrl+Enter баскычын басыңыз. Ctrl+Enter.