2026-жылдын 27-сентябрынан 2-октябрына чейин Красноярск шаарында (Россия Федерациясы) Финансылык коопсуздук боюнча VI Эл аралык олимпиада өттү. Ага 45 өлкөдөн 700дөн ашык окуучу жана студент катышып, финансылык коопсуздук, экономика, укук жана маалыматтык коопсуздук багыттары боюнча билимдерин сынашты.
Олимпиаданын жыйынтыгында Кыргыз Республикасынын курама командасынын өкүлү, Келечектеги лидерлер академиясынын окуучусу Нуралим Ильясов “Финансылык коопсуздук” номинациясы боюнча байге ээлеринин катарына кирди.
Бул – кыргызстандык окуучу үчүн чоң жетишкендик жана өлкөбүздүн эл аралык аренадагы ийгилиги. Нуралимди бул жеңиши менен куттуктайбыз жана мындан аркы окуусуна, жаңы жетишкендиктерине ийгилик каалайбыз!
Маалымат булагы egov.kg
Эгер ката тапсаңыз, сураныч, катаны белгилеп туруп, Ctrl+Enter баскычын басыңыз. Ctrl+Enter.
Spelling error report
The following text will be sent to our editors: