Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы Адылбек Касымалиев ата мекендик багбанчылык чарбаларын колдоо жана 2026-жылы өстүрүлгөн алманын түшүмүн өз убагында сатууга шарт түзүү максатында алма импортуна убактылуу тыюу салууну караган токтомго кол койду. Документ ата мекендик өндүрүүчүлөрдүн кызыкчылыктарын коргоого, ички рынокту жөнгө салууга жана Кыргызстандын багбанчылык тармагынын өндүрүштүк потенциалын сактоого багытталган.
Кыргыз Республикасында мөмө берүүчү алма бактарынын жалпы аянты 26 324 гектарды түзөт. 2026-жылы алманын түшүмү 179 393 тоннага жетери болжолдонууда. Түшүмдү өз убагында сатуу фермерлердин өндүрүштүк чыгымдарын жабууга, бактарды күтүүгө жана кийинки айыл чарба сезонуна даярдык көрүүгө мүмкүнчүлүк берет.
Расмий маалыматтарга ылайык, 2026-жылдын январь–август айларында Кыргызстанга 6 438,9 тонна алма импорттолгон. Бул 2025-жылдагы жылдык импорттун көлөмүнөн 2,18 эсе көп. Импорттолгон алманын негизги бөлүгү Польша Республикасынан — 3 554,1 тонна, Кытай Эл Республикасынан — 1 696,8 тонна жана Өзбекстан Республикасынан — 859,7 тонна келген.
Ошол эле мезгилде алманын экспорту 10 779,52 тоннаны түзүп, 2025-жылдын ушул мезгилиндеги көрсөткүчкө салыштырмалуу 1 658,11 тоннага же 13,3 пайызга азайган. Экспорттун төмөндөшү жана түшүм жыйноо маалында жергиликтүү продукциянын көлөмүнүн көбөйүшү ата мекендик өндүрүүчүлөр үчүн алманы сатууда кошумча кыйынчылыктарды жаратышы мүмкүн.
Токтомго ылайык, алма импортуна убактылуу тыюу салуу 2027-жылдын 1-февралына чейин колдонулат. Бул чара 2026-жылдагы ата мекендик түшүмдү күз-кыш мезгилинде, анын ичинде 2027-жылдын январь айында сатууга шарт түзүүгө, жергиликтүү багбанчылык чарбаларынын кызыкчылыктарын коргоого жана продукциянын сатылбай топтолуу тобокелдигин азайтууга багытталган.
Маалымат булагы egov.kg
Эгер ката тапсаңыз, сураныч, катаны белгилеп туруп, Ctrl+Enter баскычын басыңыз. Ctrl+Enter.
Spelling error report
The following text will be sent to our editors: