Кыргыз Республикасынын Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министрлиги тарабынан Нарын облусунун Кочкор районунда жалпы аянты 4,8 гектарды түзгөн эс алуу багы реконструкцияланууда.
Жаңылоо иштери 2025-жылдын октябрь айында башталып, Турукташтыруу фондунан каржыланууда. Курулуш иштерин министрликке караштуу “Кыргызкурулуш” мамлекеттик ишканасы жүргүзүүдө.
Долбоорго ылайык, паркта массалык иш-чараларды өткөрүүчү аянтча, амфитеатр, шахмат, скейт жана балдар ойноочу аянтчалар, воркаут зонасы, мини-футбол талаасы, лабиринт жана сейилдөө аллеялары каралган. Ошондой эле коомдук даараткана, жарыктандыруу системасы жана унаа токтотуучу жай уюштурулуп, аймак көрктөндүрүлөт.
Бүгүнкү күндө тротуарларды брусчатка менен төшөө, темир-бетон лотокторду, жарыктандыруу мамыларын жана металл тосмолорду орнотуу иштери жүргүзүлүүдө. Коомдук даараткананын жана кире бериштеги арканын курулушу, ошондой эле көрктөндүрүү иштери уланууда.
Маалымат булагы egov.kg
Эгер ката тапсаңыз, сураныч, катаны белгилеп туруп, Ctrl+Enter баскычын басыңыз. Ctrl+Enter.
Spelling error report
The following text will be sent to our editors: