Чолпон-Ата шаарындагы ат майданда Чыңгыз Айтматовдун “Гүлсарат” чыгармасы боюнча эстелик ачылды. Эстеликти Орусиянын Свердлов облусунун тургундары кыргыз элине улуу жазуучунун 90 жылдыгына арнап белек катары өткөрүп берди.

Свердлов облусунун эл аралык жана ички экономикалык байланыш министри Валерий Козловдун айтымында, Чыңгыз Айтматовдун чыгармалары элдин салттарын жана тарыхты унутпай, сыймыктанууга чакырат.

“Урматтуу кыргызстандыктар, сиздерди 3 Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын ачылышы менен куттуктайбыз. Уралдыктар бул мааракенин катышып жатканына сыймыктанышат. Чыңгыз Айтматовдун “Гүлсарат” чыгармасы тукумдарды ата-мекенди сүйүп, тарыхы менен сыймыктанууга чакырат”, – деп Козлов басмалады.

Салтанаттуу аземге катышкан жазуучунун уулу Аскар, Свердлов облусунун тургундарына ыраазычылыгын билдирди.

Эгер ката тапсаңыз, сураныч, катаны белгилеп туруп, Ctrl+Enter баскычын басыңыз. Ctrl+Enter.