2018 жылдын 11 майында Киев шаарында “Манас” эпосунун украин тилинде бетачарына жана Чынгыз Айтматовдун төрөлгөндүгүнүн 90 жылдык юбилейине арналаган маданий-көркөм кече өткөрүлдү. Булу тууралуу тышкы иштер министрлигинин басма-сөз кызматы билдирди.
Кыргызстандын Украинадагы атайын жана ыйгарым укуктуу элчиси Жусупбек Шарипов көлөмү боюнча дүйнөдөгү эң чоң эпос болгон “Манас” үчилтигинин уникалдуулугу жана анын кыргыз мамлекеттүүлүгүн түзүлүшү менен өнүгүүсүндөгү кыргыз улутунун өзүн өзү аныктоодогу маанилүү ролу тууралуу айтып берди. Ошондой эле Кыргызстандын элчиси 2018 жылы Чынгыз Айтматовдун 90 жылдыгын улуттук жана эл аралык деңгээлде көлөмдүү майрамдоо болоорун кабарлады.
Кеченин конокторуна Айтматовдун “Чынгызхандын ак булуту” жана “Тоолор кулаганда” чыгармалары жалпы Украиналык адабий “Всесвiт” журналынын атайын чыгарылышында биринчи жолу укранин тилинде басылып чыгып сунушталды.
“Азыркы доордо улуу “Манас” феномени өзүнүн тирүүлүгүн Чынгыз Айтматов сыяктуу кыргыздын чыгаан атуулдарынын жүзүндө татыктуу улантууда. Менин көз карашым менен Айтматовдун чыгармачылыгы кандайдыр бир деңгээлде, кыргыз элин гана эмес, бардык адамзатты улуттар аралык макулдашууга, адеп-ахлактык – рухий тарбияланууга жана гуманизмдин кайра жаралуусуна чакырган “Манас” эпосунун заманбап сүрөттөлүшүнүн жандандырылышы болуп саналат.” – деп Шарипов сөзүндө белгилей кетти.
Эгер ката тапсаңыз, сураныч, катаны белгилеп туруп, Ctrl+Enter баскычын басыңыз. Ctrl+Enter.
Spelling error report
The following text will be sent to our editors: