КР премьер-министри Мухаммедкалый Абылгазиев «Коопсуз шаар» долбоору боюнча ачык аукциондун жыйынтыгы боюнча жумушчу кеңешме өткөрдү. Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматы билдирет.
Премьер-министр белгилегендей, жарандар үчүн маанилүү жана керектүү долбоорду ишке ашырууда жүргүзүлүп жаткан иштин бардык этаптары тыкыр аткарылып, жарандарда күмөндүү суроолор жаралбагандай болуусу үчүн бардык процесстердин транспаренттүүлүгүн камсыздоо зарыл.
«Жолдордо коопсуздукту камсыздоо жана «Коопсуз шаар» долбоорун ишке ашыруу маселеси – өлкө Өкмөтүнүн ишмердигиндеги башкы артыкчылыктардын бири. Биз долбоорду мүмкүн болушунча ыкчам ишке ашырып, оң натыйжаларга жетишүүгө тийишпиз. Мамлекеттик органдардын жетекчилери бул иш үчүн жеке жоопкерчилик алышат. Мында башаламандыкка жол бербөө керек», – деп баса белгиледи Мухаммедкалый Абылгазиев.
Маалыматтык технологиялар жана байланыш мамлекеттик комитетинин төрагасы Бакыт Шаршембиевдин айтымында, «Вега» «Радиоуктуруу концерни» россиялык компаниясы сынак жеңүүчүсү катары таанылган, мындан тышкары сынакка дагы эки компания катышкан.
«Долбоорду ишке ашыруу наркы 2 млрд 320 млн сом суммасында аныкталган, бул баштапкы баадан 230 млн сомго аз. «Вега» «Радиоуктуруу концерни» биринчи лот боюнча 1,125 млрд сом сунуштаса, экинчи лот боюнча 1,195 миллиард сом сунуштаган. Аудитордук текшерүүдөн кийин компания каражатты кепилдик взнос катары которуп берүүгө тийиш болот», – деди ал.
Премьер-министр бардык зарыл процедураларды кыска мөөнөттө аяктоону жана долбоорду ишке киргизүүгө зарыл ченемдик укуктук актыларды кабыл алууну тездетүүнү тапшырды.
Эгер ката тапсаңыз, сураныч, катаны белгилеп туруп, Ctrl+Enter баскычын басыңыз. Ctrl+Enter.
Spelling error report
The following text will be sent to our editors: