2018-жылдын 30-сентябрында Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча фонд аукциондорго катышуу үчүн кагаз түрүндө документтерди кабыл алууну аяктайт. Бул тууралуу фонддун басма сөз кызматы билдирет.

2018-жылдын 10-октябрынан тартып электрондук соода аянтчасы иштеп баштайт. Мамлекеттик мүлккө ижара келишимин түзүү укугуна электрондук аукциондорго катышуу юридикалык жактар үчүн электрондук санарип кол коюу жана жеке жактар үчүн биометрикалык паспорттордон маалымдарды окуучу түзүлүш аркылуу жүргүзүлөт.

Ишти баштоо үчүн бир нече жөнөкөй аракеттерди кылуу жетиштүү: уюмдар үчүн – каттоодон өтүү, тооруктарды өткөрүү үчүн объект түзүү, жарыялоо, тооруктардын бүтүшү боюнча келишимге кол койуу.

Катышуучулар үчүн: – Порталда катталуу, валидациядан өтүү (электрондук санарип колун ырастоо), талаптарга ылайык арызды даярдап жана жөнөтүү, аукционго катышуу, келишимге кол койуу.

“Электрондук соода аянтчанын негизги артыкчылыгы: ылдам жана ыңгайлуу издөө, базарды кеңейтүү, тооруктардын айкындыгы жана ачыктыгы, убакыттын жана каражаттын чыгымын кыскартуу, дүйнөнүн каалаган бурчунан тооруктарга катышуу мүмкүнчүлүгү, баардык катышуучулар үчүн бирдей укук”, – деп билдирмеде белгиленет.

Эгер ката тапсаңыз, сураныч, катаны белгилеп туруп, Ctrl+Enter баскычын басыңыз. Ctrl+Enter.