26-сентябрда Бишкек троллейбус башкармалыгында Бишкек шаардык кеңештин төрагасы Жаныбек Абировдун жана калаа мэри Азиз Суракматовдун катышуусунда жаңы 52 троллейбустун презентациясы өткөрүлдү. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматы билдирет.
Бишкек шаарынын мэриясы жаңы коомдук унааны алып келүү менен №2 жана №6 маршуттук каттамды кайрадан ачты. Жаңы коомдук транспорттор менен иштеп жаткан каттамдарды дагы толуктаганга мүмкүнчүлүк түзүлдү. Бул троллейбус каттамдарынын арасындагы убакытты кыскартат. Азыркы учурда Бишкек шаарында 9 троллейбусттук каттамдын ордуна 11 троллейбусттук каттам иштей баштады. Күн сайын каттамга 128 бирдк троллейбус чыгат. Жалпысынан Бишкек троллейбус башкармалыгынын базасында жаңы троллейбустарды кошкондо 169 бирдик коомдук унаа бар.
Биринчи фаза долбоорун улантуу максатында, 2015-жылдын 30-ноябрында Европалык реконструкция жана өнүктүрүү банкы жана Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги арасында экинчи Кредиттик келишимге жана Европалык реконструкция жана өнүктүрүү банкы жана Бишкек шаарынын мэриясы, Бишкек троллейбус башкармалыгы арасында Гранттык келишимге кол коюлган.
Келишимдин жыйынтыгында калаага 52 бирдик жаңы троллейбус алынып келинди. Кредиттик жана гранттык каражаттын жалпы суммасы 7,9 млн.еврону түзөт. Анын ичинен 5,0 млн. евро кредит жана 2,9 млн.евро грант.
ЕРѲБ борбордук кеңсеси менен макулдашылган конкурстун жыйынтыгы боюнча троллейбустарды алып келүүчүлөр болуп «Белкоммунмаш» ААК (Беларусь, Минск) жана «Тролза Маркет» ААК(Россия, Энгельс ш.) аныкталып, 15 бирдик жапыз полдуу, 37 бирдик орто полдуу троллейбус, жалпысынан 52 бирдик жаңы троллейбус алынды.
Эгер ката тапсаңыз, сураныч, катаны белгилеп туруп, Ctrl+Enter баскычын басыңыз. Ctrl+Enter.






Spelling error report
The following text will be sent to our editors: