2018-жылдын 27-сентябры күнү 17:38 чамасында Ысык-Көл облусунун Каракол шаарындагы Карасаев-Масалиева көчөлөрүнүн кесилишинде жайгашкан унаа оңдоочу жайда 3 унаанын сырттары күйгөн. Бул тууралуу ӨКМнин басма сөз кызматы кабарлады.
Өрттү өчүрүүгө КР ӨКМнин №15 Өрт-куткаруу бөлүмүнөн 1 бөлүм тартылып, өрт саат 17:48де толугу менен өчүрүлгөн. Өрттүн келип чыгуу себеби такталууда.
Эгер ката тапсаңыз, сураныч, катаны белгилеп туруп, Ctrl+Enter баскычын басыңыз. Ctrl+Enter.
Поделиться:
Окшош жаңылыктар






Spelling error report
The following text will be sent to our editors: