Борбордук Азиядагы уран калдык сактоочу жайларды коопсуз абалга келтириш керек. Евробиримдик парламентинин депутаты Мишель Ривазинин айтымында, маселени чечиш үчүн Бириккен уюлдук коомдун резолюциясын жаңылатып, көп тараптуу каражат фонду түзүлүш керек.

“Евробиримдик Борбордук Азиядагы калдык сактоо жайларын реабилитациялоо үчүн 16 млн евро бөлгөн. Бирок бул каражат жетишпейт. Кыргызстан, Таджикстан жана Өзбекстандагы калдык сактоо жайларынын абалын оңдоо үчүн 70 млн евро керек”, – деп Ривази белгиледи.

2018 жылдын 15-16 майда, европалык депутат Майлы-Суу шаарчасынын тургундары менен жолугуп, калдык сактоо жайларынын абалы менен таанышып келди.

ӨКМнин статс-катчысы Азамат Мамбетовтун айтымында, Борбордук Азиядагы үч өлкөдө жайгашкан калдык сактоо жайларды коопсуз абалга келтирүү боюнча мастер-планы тузүлгөн.

“Мастер-пландын негизинде калдык сактоо жайларды калыбына келтирүү боюнча 85 млн евро талап кылынат”, – деп статс-катчы жыйынтыктап кетти.

Эгер ката тапсаңыз, сураныч, катаны белгилеп туруп, Ctrl+Enter баскычын басыңыз. Ctrl+Enter.