Ысык-Көлдүн ар тарабынан келген селсаяктар кышкы мөөнөттө турак жай, ысык тамак менен камсыз болушат. Мындай шартты Каракол шаардык мэриясы менен “Кызыл ай” коому уюштурууда.

Аталган коомдун көл аймагы боюнча өкүлү Таалай Байзаковдун айтымында бир аптадан бери селсаяктарды кабыл ала башташты.

“Негизи көчөдө жүргөн адамдар облустун ар башка райондорунан келишет. Биз кышкы мөөнөттө алардын жашап кетүүсүнө 2013-жылдан бери шарт түзүп келүүдөбүз. Өткөн 2017-жылы жалпы 115ке жакын жаранды кабыл алып, айрымдарын сураштырып отуруп үйлөрүнө жеткирип бергенбиз. Бул жылы эрте суук түшкөндүгүнө байланыштуу өз күчүбүз менен кабыл алуудабыз. Дегенибиз шаардык мэрия турак жайдын электр жарыгына, атайын кызматкерлердин айлыгына акча бөлүп бериши керек “, деди Т. Байзаков.

Ал эми “Кызыл ай” коомунун алдындагы баш калкалоочуу жай 20 кишиге ылайыкталган. Бүгүнкү күндө көчө адамдардын тиричилиги үчүн Каракол шаардыа мэрия акча карай тургандарыр кабарлашты.

“Биз шаар ичинде жүргөн турак жайы жок адамдардын кыштан чыгуусуна жыл сайын акча которуп беребиз. Учурда жергиликтүү кеңешке сунуш берип жатабыз. Каражат маселеси алдыдагы сессияда каралат”, деди вице-мэр Гүлназ Орозова.

Эгер ката тапсаңыз, сураныч, катаны белгилеп туруп, Ctrl+Enter баскычын басыңыз. Ctrl+Enter.