2018-жылдын 14-ноябрында Бишкекте КР Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагалыгы алдында түрк тилдүү мамлекеттердин атайын кызматтарынын Конференциясынын (ТТМАКК) XXI отуруму болуп өттү.
Жыйынга Азербайжан, Казахстан, Түркия, Өзбекстан жана Кыргызстан мамлекеттеринин атайын кызматтарынын жетекчилери жана өкүлдөрү, ошондой эле башка мамлекеттердин делегаттары конференцияга байкоочу катары катышышты.
Бул жыйындын алкагында Афганистандагы кырдаал, жана ошондой эле сирия-ирак аймагындагы согуштук чыр-чатактар жана анын ТТМАКК мүчө мамлекеттеринин коопсуздугуна тийгизген таасирине байланыштуу суроолор талкууланды.
Конференциянын катышуучулары бул террордук уюмдар дайым өз ишинин ыкмаларын жакшыртып жатышкандыгын белгилешти. Терроризм жана диний экстремизм күчтөрүнүн активдештирүүчү таасирлеринин бири жергиликтүү куралдуу чыр-чатактарга басым кылуусу, айрыкча афганистан жана сирия зонасында ар кыл бүлүктөрдү салуу болуп эсептелет. Атап айтканда диний экстремисттердин таасири астында интернет аймагына массалык пропагандалоонун жыйынтыгы менен согуш аймактарына барып, аскердик тажрыйба жана күжүрмөн даярдыктан өтүшүп, чет элдик террористтик уюмдар тарабынан коюлган милдеттерди иш жүзүнө ашыруу үчүн өз мекенине кайтып келишет.
Мындан тышкары, жыйындын катышуучулары жетишилген макулдашууларды ишке ашыруу боюнча иш-чараларды кабыл алуу жөнүндө чечимдерди жана алардын аткарылышын көзөмөлдөө боюнча баяндаманы угушуп, анын алкагында ачык пикир алышуулар болуп өттү.
Маалымдама: 1998-жылдын 20-майында Азербайжан, Казахстан, Кыргызстан, Түркия жана Түркменистан Республикаларынын атайын кызматтары тарабынан түрк тилдүү мамлекеттердин атайын кызматтарынын Конференциясын түзүү боюнча протоколго кол коюлган. Конференция түрк тилдүү мамлекеттердин атайын кызматтарынын тең укуктуу жана тең жоопкерчиликтүү принциптеринин негизинде жалпы кызыкчылыктарды кеңейтүү максатында негизделген. Англис, түрк жана орус тилдери Конференциянын расмий тилдери болуп эсептелет.
Эгер ката тапсаңыз, сураныч, катаны белгилеп туруп, Ctrl+Enter баскычын басыңыз. Ctrl+Enter.
Spelling error report
The following text will be sent to our editors: