Ысык-Көлдө мамлекеттик токой фондусуна тиешелүү кайрак жерлер иштетилет. Анын ичинен 5 гектар тилкеге интенсивдүу бакчатарды өстүрүү пландалууда. Бул тууралуу Ысык-көл аймактык экологиялык класстеринин жетекчиси Азамат Мукашев билдирди.
Анын айтымында чет элдик долбоорлор аркылуу 2021-жылга чейин көл аймагындагы пландарды ишке ашыруу заыл. Биринчи кезекте Балыкчы, Ак-Суу жана Каракол токой чарбаларын өздөштүрүү керек. Учурда Польша менен Алтайдан алма, өрүк, карагаттын жана жапайы мөмө жемиштерден бөрү карагат, чычырканактын жаӊы түрлөрү алынып келүүдө. Эгер жакшы өсүп кетсе, элдин чөнтөгүнө пайда алып келет.
“Азыр аймакта мөмө жемиш 11 миӊ гектар жерге өстүрүлүп, болгону 1 гектардан орто эсеп менен 10 тоннага жакын гана мөмө жемиш алынат. Эгер интенсивдүу бактар өстүрүлө баштаса, андан түшүмү көп болуп, эки эселеп экспортко чыга баштамак”, – деди Мукушев.
Эгер ката тапсаңыз, сураныч, катаны белгилеп туруп, Ctrl+Enter баскычын басыңыз. Ctrl+Enter.
Spelling error report
The following text will be sent to our editors: