Аксыда жааган жамгырдан улам Сазык суусунан келген суулар турак жайларга кирип, көпүрөнү агызып кетти. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма-соз кызматы билдирди.

Маалымат боюнча, Жалал-Абад облусунун Аксы районунун Авлетим айыл аймагында 2018-жылдын 17 май күнү саат 18:30 чамасында жааган жамгырдан улам Дейрес айылынын Талды-Булак участкасындагы Сазык суусунан келген суулар 1 турак үйдүн ичин, 1 турак үйдүн короосун каптаган. Ошондой эле Талды-Булак участкасындагы Куру-Таш сайынан келген суулар Дейрес-Талды-Булак ички чарбалык унаа жолунун 5-чакырымындагы 17 кожолук пайдалануучу бетон-кольцолор менен курулган көпүрөнү бузуп агызып кеткен. Жол каттамы токтогон. Убактылуу 500 метр аралыктан айланма жол бар. Андан сырткары Дейрес айылындагы 12,41 га айдоо жерлерин сел суулары баскан.

Кырсык болгон жерге КР ӨКМнин Аксы райондук бөлүмүнүн башчысы, бөлүмдүн офицери, айыл аймак башчысы барышып, абалды жеринде тактоо иш-чараларын жүргүзүшкөн. 2018 жылдын 18 май күнү тактоо жана калыбына келтирүү иш-чаралары айыл аймак тарабынан улантылат.

Эгер ката тапсаңыз, сураныч, катаны белгилеп туруп, Ctrl+Enter баскычын басыңыз. Ctrl+Enter.