Ысык-Көл облусу боюнча жалпы 99 миӊ 176 турак жай мамлекеттик каттоодон өткөн. Бүгүнкү күндө алардын ичинен 10 миӊ 268 турак жай милдеттүү түрдө мамлекеттик камсыздандыруу уюмуна катталышты. Бул тууралуу КР мамлекеттик камсыздандыруу уюмунун Ысык-Көлдөгү жетекчиси Рысбек Темиралиев билдирди.

Анын айтымында 2016-жылдын февраль айынан бери жергиликтүу тургундарга камсыздандыруу боюнча түшүндүрүү иштери жүргүзүлгөн. Натыйжада 2017-жылы 5338 турак жай камсыздандырылса, 2018-жылдын 11 айында 4930 имарат уюмга кайрылышты. Бирок, бул көрсөткүч аймак боюнча 5 % гана түзөт.

«Биздин уюм 2 жылдын ичинде I топтогу мүмкүнчүлүгү чектелген жарандардын 267 турак жайын бекер каттап берсек, II-III топтогу майып адамдардын 27 турак жайын 50% жеӊилдетилген түрдө камсыздандырды. Ал эми калгандары мамлекеттик кызматкерлер менен жергиликтүү жашоочулар. Бирок, көрсөткүчтү эсептей келгенде Ысык-Көл боюнча 95 % турак жай милдеттүү түрдө камсыздандырыла элек. Акыркы катталган табийгый кырсыктан кийин жашоочулар камсыздандыруу эмне экенин жана анын пайдасы тууралуу түшүнө башташты. Келээрки жылдан баштап мамлекеттик ишкана, мекемелер да камсызандыруу уюмуна өтө баштайт деген ойдобуз. Эске сала кетсек, айылда жашагандар турак жайларын жылына 1 жолу 600 сомго камсыздандырса, шаар тургундары 1200 сомго милдеттүү түрдө камсыздандыруусу шарт»,-деди Темиралиев.

Эгер ката тапсаңыз, сураныч, катаны белгилеп туруп, Ctrl+Enter баскычын басыңыз. Ctrl+Enter.