“РусГидронун” Директорлордун кеңеши “Жогорку Нарын ГЭСтин” 50%-ын Кыргызстандык “Электрические станции” ЖАКна сатуу чечимин кабыл алды. Бул тууралуу орусиялык компаниянын басма сөз кызматы билдирди.
“Директорлордун кеңеши “Жогорку Нарын ГЭС” ЖАКун 2,5 миллион акциясын (капиталдын 50%) “Электрические станции” ЖАКна сатуу чечимин кабыл алды”, — деп билдирүүдө белгиленди.
Эскерстек, Жогорку Нарындагы ГЭСтин курулушу 2012-жылы башталган. РусГидронун каражаты жетишпестиктен, Кыргызстан бир тараптуу түрдө 2016-жылы келишимди бузган. 2018-жылдын ноябрында ишкананы жетекчиси Николай Шульгинов, Гаагадагы эл аралык сотко арыз берилди деп билдирген.
Эгер ката тапсаңыз, сураныч, катаны белгилеп туруп, Ctrl+Enter баскычын басыңыз. Ctrl+Enter.
Spelling error report
The following text will be sent to our editors: