Ысык-Көлдө 1 кылымдан ашкан облустук телерадио компаниясынын имараты капиталдык оӊдоодон өттү. Ага Кумтөрдөн акча бөлүнгөн «Ысык-Көлдү өнүктүрүү фондусунун» эсебинен 4 миллион 159 миӊ 800 сом жумшалды. Бул тууралуу аталган фондун техникалык бөлүмүнүн башкы адиси Исламбек Дюненбаев билдирди.

Анын айтымында, тарыхый имараттын капиталдык оӊдоп түзөөсү биринчи жолу колго алынып, фонд 2017-жылы ички ремонтуна 2 миллион 685 миӊ сом которгон. Андан кийин 2018-жылы чатырына, имараттын сыртын жаӊылоо үчүн 1 миллоин 474 миӊ сом карады. Учурда тендер утуп алган компания оӊдоп түзөө иштерин толугу менен аяктап эксплуатацияга өткөрүп берди.

«Эки жылдан бери капиталдык оӊдоп түзөө иштери жүргүзүлүп келген имарат жыл аягы менен соӊуна чыкты. Азыркы тапта курулуш иштерин жүргүзгөн компаниянын ишине баа берип өткөрүп алдык. Текшерүүнүн жыйынтыгы менен тиешелүү талаптарга жооп берери бышыкталды. Бул тарыхый имарат болгондуктан сырткы көрүнүшүн өзгөртүүсүз калтырып, жаӊылар койдук», деди Дюненбаев.

Эгер ката тапсаңыз, сураныч, катаны белгилеп туруп, Ctrl+Enter баскычын басыңыз. Ctrl+Enter.