2019-жылдын 1-январынан баштап КР Бузулар кодексине өзгөртүүлөр киргизилет.
71-берене. Белгиленбеген жерлерге таштандыларды таштоо, өрттөө:
- Белгиленбеген жерлерге турмуш-тиричилик таштандыларын жана буюмдарын таштоо, өрттөө, ошондой эле түкүрүү – 3-категориядагы айып пул салууга алып келет.
- Белгиленбеген жерлерге өндүрүштүк таштандыларды жана башка буюмдарды таштоо, өрттөө, ошондой эле жалбырактарды өрттөө – 4-категориядагы айып пул салууга алып келет.
Эскертсек, 3 категориядагы айып жеке адамдар үчүн 5,5 миң сомду, юридикалык бетке 17 миң сомду түзөт. 4 категориядагы айыптар жеке адамдар үчүн 7,5 миң сомду, юридикалык бетке 23 миң сомду түзөт.
Эгер ката тапсаңыз, сураныч, катаны белгилеп туруп, Ctrl+Enter баскычын басыңыз. Ctrl+Enter.
Spelling error report
The following text will be sent to our editors: