Президент Сооронбай Жээнбеков «КР Аба кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» мыйзамына кол койду. Бул тууралуу мамлекет башчысынын басма сөз кызматы билдирди.

Мыйзамды Жогорку Кеңеш 2018-жылдын 6-декабрында кабыл алган.

Кабыл алынган Мыйзамдын максаты жарандык авиацияны өнүктүрүү, авиатранспорттук жүргүнчү агымын жана жүк агымын жогорулатуу жана Кыргызстанда «Ачык асман» саясатын жана «аба эркиндигинин бешинчи даражасын» бир тараптуу жарыялоо жана колдонуу аркылуу кыргызстандыктар жана чет өлкөлүк туристтер үчүн эл аралык аба маршруттарынын жана авиабилеттердин жеткиликтүүлүгүн арттыруу болуп саналат.

Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

Эгер ката тапсаңыз, сураныч, катаны белгилеп туруп, Ctrl+Enter баскычын басыңыз. Ctrl+Enter.