Кыргызстанда ишкерлерди өнүктүрүү үчүн 2 жылга фиксалдык текшерүүгө мараторий киргизилген. Учурда өкмөттүн бул токтому Ысык-Көлдүк бизнес ээлерине да оӊ таасирин калтырууда. Анын ичинен жергиликтүү эт комбинанты өндүрүштү көбөйтүп «Кумтөр» ЖАКусуна продукциясынын 20% жиберүүдө. Бул боюнча комбинанттын жетекчиси Бурулсун Рыскулованын билдирип, эми жарым фабрикат даярдап, жумушчулардын ордун толуктоодо.

«Биз калкты сапаттуу эт менен камсыз кылуу үчүн эт комбинантын 1999-жылдан бери иштетип келебиз. Бизнестин көзүн табуу үчүн көптөгөн кыйынчылыктар башыбыздан өттү. Анын ичинде салыктар, кымбат насыялар бар. Эми эки жылга мараторий киргизилип, ишибиз дагы илгерилеп жатат. Азыркы тапта уй, кой эттерин жана жарым фабрикаттарды «Кумтөр» алтын кен ишканасына жиберип, жумушчу орундар кеӊейүүдө», -деди ал.

Бирок, Ысык-Көлдөгү бизнести дагы өнүктүрүү үчүн жаш ишкерлер үчүн билим жана тажрыйба жетишсиз. Бул боюнча JIA бизнес ассоцияциясынын Ысык-Көлдөгү өкүлү Рыскелди Рысбеков кабарлады.

«Мамлекет эки жылга жарыяланган мараторийи ишкерлерге чоӊ жардамын тийгизүүдө. Азыр кадимкийдей өзгөрүү болуп, өнүгү келе жатканы байкалууда. Бирок, иштин көзүн табууга бул дагы жетишсиз. Бизнеске жаӊы кадам таштагандар чет өлкөгө чыгып тажрыйба алып, билим алуусу да чоӊ мааниге ээ»,-деди Рысбеков.

Эгер ката тапсаңыз, сураныч, катаны белгилеп туруп, Ctrl+Enter баскычын басыңыз. Ctrl+Enter.