2018-жылдын 20-августу республикада эс алуу күнү катары жарыяланды. Эс алуу күндөрүн жылдыруу жөнүндө тиешелүү токтомго премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев кол койду.
Бул чечим 2018-жылы эс алуу жана жумуш эмес күндөрүн сарамжалдуу пайдалануу максаттарында кабыл алынды.
Мындан улам КР Эмгек кодексинин 113-беренесине ылайык, өкмөт токтом кылат:
Мамлекеттик бюджеттен каржыланган, беш күндүк иш жумасы менен иштеген мамлекеттик жана муниципалдык уюмдардын, мекемелердин жана ишканалардын кызматкерлери үчүн 2018-жылдын 22-сентябрындагы эс алуу күнү 2018-жылдын 20-августуна которулсун. Беш күндүк иш жумалагы менен иштеген жеке менчик түрүндөгү юридикалык жактардын жетекчилерине 2018-жылдын 22-сентябрындагы эс алуу күнү 2018-жылдын 20-августуна которуу сунушталсын.
Эгер ката тапсаңыз, сураныч, катаны белгилеп туруп, Ctrl+Enter баскычын басыңыз. Ctrl+Enter.
Spelling error report
The following text will be sent to our editors: